• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты

8 Чын куран 2022 16:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароо улантылды.

Алмазбек Атамбаев түшкө чейинки соттук отурумда саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкиледи. Мындан улам аны сот залынан алып кетишкен.

Сот отурумунун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришти. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Кийинки сот процесси 11-апрелге белгиленди.

Буга чейинки соттук жараян учурунда мурдагы президент өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.

Количество просмотров: 609