• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды

22 Бештин айы 2021 9:58 Бишкек Govori.TV

Сотто Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү иштери бир өндүрүшкө бириктирилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды.

«Дал ушул иштер боюнча бөгөт чарасын өзгөртүштү, себеби жаңы Кылмыш кодекси боюнча күнөөлөнүп жаткан адам тергөө абагында бир жылдан ашык жатпашы керек»,-деп билдиришти Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан.

Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.

Количество просмотров: 375