• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күтүп жатабыз… Атамбаевдин тарапташтары абактын алдына чогулушту

14 Бирдин айы 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактын алдына чогулушту. Бул тууралуу алар соцтармак баракчаларына бөлүшүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку соттун соттук коллегиясы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу Атамбаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырды. Иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди. Соттон белгилешкендей, сөз кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатат.

Ал эми Биринчи май сотунун басма сөз кызматы иш Жогорку сот тарабынан келип түшкөнүн, бирок ал качан каралары белгисиз экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11,2 жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 6035