Ак үйдүн алдында «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү чыгып, болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда.
Партиянын мүчөсү Темирлан Султанбеков бүгүнкү болгон шайлоону тааныбоого башка да оппозициялык маанайдагы партияларды чакырып өттү.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат.
Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8, 78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7, 04% добуш алды.
Ал эми алдын ала жыйынтыктар боюнча «Социал-демократтар» 2 пайыздан ашыгыраак добушка ээ болушкан.