• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин тарапташтары абактын алдына чогулду

5 Жетинин айы 202011:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-ноябрда №47 түзөтүү абагынын жанына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Бул тууралуу «Апрель» каналынын эфиринде айтылды.

Атамбаевди колдоо үчүн чогулгандардын арасында жубайы Раиса Атамбаева да бар. Тарапташтары азык-түлүк, кат жана колдоо сөздөр жазылган плакаттарды беришти.

Белгилей кетсек, Атамбаев СИЗО-1 мекемесинен №47 абакка которулган. Ал бронхит оорусу менен жабыркап жатканы айтылган болчу.

Количество просмотров: 109