10-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулушуп, аны бошотууну талап кылышты.
Сот имаратынын айлдына 50гө жетпеген адам бар. Нааразычылык акциясына чыккандар Атамбаевдин бошотулушун талап кылып, плакаттарды кармап турушат.
Буга чейин Жогорку сот абактан мыйзамсыз бошотулган Азиз Батукаевдин иши боюнча негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.
Эске салсак, быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.
Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.