• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин тарапташтары соттун алдына митингге чыгышты

25 Чын куран 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум уланат. Ал эми соттун имаратынын алдында Атамьбаевдин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.

Чогулгандар колдоруна «Атамбаев менен Ниязовго боштанду», «Соттор адилеттүү чечим чыгаргыла» деген жазууларды кармап турушат.

Белгилей кетсек бүгүнкү өтүүчү соттук отурумга Социалисттик Интернационалдын Башкы катчысы Луис Айяла катыша турганы айтылган.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 2021-жылы 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.

Количество просмотров: 126