• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин туулган күнүндө митинг уюштурулабы? Тарапташтары үн катты

7 Аяк оона 2021 18:04 Бишкек Govori.TV

Абактагы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү, 17-сентябрда Кой-Таштагы үйүндө иш-чара өтөт. Бул тууралуу журналист Назгуль Мамытова өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, буга чейинки тарап жаткан «Атамбаевдин туулган кунүндө митинг болот» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«17-сентябрь экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. 65 жашка толот! Ошонун урматына Кой-Таштагы үйүндө туулган күнүнө карата чакан иш-чара өтөт!
Саясий туткундарды колдоо митинги деген калп! Жалган ушакты жазып, элди дүрбөтпөгүлө! Алмаз Шаршенович камакка алынгандан бери үчүнчү ирет туулган күнү белгиленип жатат! Былтыр УКМКнын алдына барып, туулган күнү менен куттуктап кыйкырганбыз! Мындан саясат издеп иритпегиле!», — деп жазган ал.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Количество просмотров: 997