• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Атамбаевдин уулу: “Кыргызстанды туура нукка бурууга бүгүн дагы кеч эмес”

25 Теке 2019 17:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Кремлге буга чейин кимдер гана барган эмес. Бүгүнкү окуяны тоодой чоң бир прецедент катары көргөн инсандарга таң калдым. Бул пикирди мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын Орусияга барган сапарынан кийин, фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

 “Кыргызстандын тарыхында канча барактар бар, алсак эле, 2005-2010-2017-жылдары Москвага каттагандар көп эле айтылып келген, эми аягы белгисиз, дагы кимдер иретте турушат, бул бизге гана тиешелүү жана ачык маалымат”, -деп билдирген ал.

Мындан сырткары, ал учурда жаралган орчундуу маселелерге көңүл буруу зарыл экенин айтып, азыр деле Кыргызстанды туура нукка салууга кеч эместигине токтолгон.

«Албетте, бул көрүнүш жакшы эмес, бизде аны оңдоп калууга чоң мүмкүнчүлүк бар эле. Ал мүмкүнчүлүк 1991-жылы эгемендүү Кыргызстанды туура нукка салалбаган чиновниктер үчүн, бүгүнкү күнгө чейин аксап келе жатабыз», — деди Сейтек Атамбаев.

Количество просмотров: 28