• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин жүз жолу кубулган жүзү…

11 Бештин айы 2018 18:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

 Атамбаевдин озү учурунда чагымчыл атап, бир эмес эки кылмыш иши козголуп өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов туурасында экс-президент оюн өзгөртуп “Апрель” телеканалына берген маегинде мындай деди.

Бир кезде Бабановду эки жүздүү деп күнөөлөгөн Атамбаевдин бул пикири коомчулукка кызуу талкуу таштады. Аңгыча бул тууралуу Нариман Тулеев да өзүнүн оюн билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин Өмурбек Бабанов тууралуу пикири эч качан бир жактуу болгон эмес.

Бирок кийин ал ою бат эле өзгөргөн.   

2017-жылы президенттик шайлоо убагында Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы суйлөгөн сөзү коомчулукта талкууга түшкөн эле. Атамбаев дагы бул окуя туурасында катуу сын пикирин айтып, Бабановду  өз өлкөсүнө каршы чыкты деп күнөөлөгөну элдин эсинде.

Башкы прокуратура Бабановко карата Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады деген кине менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми Бабанов озу шайлоодон соң “Мен саясатты таштадым, сөзүмө турдум”,- деп өлкөдөн чыгып кеткен.

Көп өтпөй бийликти күч менен басып алууну көздөгөн деп  Бабановко экинчи кылмыш иши козголгон. Эми болсо Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин токтотуш керек деген пикири таң калууну жаратууда. Саясат бүгүн бар, эртең башкача дегендин калети жок.

Количество просмотров: 15