Бүгүн Биринчи май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Чечимге ылайык, ал СИЗО-1 мекемесинде камакта болот.
Ал эми Сагымбаевдин жактоочусу бул чечимге карата каршы арыз менен кайрылаарын билдирди.
Белгилей кетсек, алар 10-октябрда массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалган.