• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Атамбаевдин жансакчысы 9-декабрга чейин камакта калтырды

8 Тогуздун айы 2019 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысын 9-декабрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Азыр Бишкек шаардык сотунда Канат Сагынбаевге (экс-президенттин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери) баш коргоо чарасын карап, адвокаттардын келтирилген дооматын укпай, прокурорлор суранган нерсени канааттандырып беришти. Ошентип, Канат 9-декабрга чейин абакта калат», — деп жазган Карасартова.

Эске салсак, Канат Сагымбаев УКМКнын кызматкери болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарууга жиберилген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президентти кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Мурда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Количество просмотров: 84