• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атамбаевдин жансакчысы үй камагына чыгарылды 

5 Бештин айы 2020 19:19 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда ушундай чечим кабыл алган. Ал эми Фарид Ниязов камакта калды.

Фарид Ниязов жана Канат Сагынбаев 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка айыпталып кармалышкан.

Количество просмотров: 386