• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК тарабынан кармалган мурдагы аким Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыкты

31 Жалган куран 20219:16 Бишкек Govori.TV

Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим 29-мартта кабыл алынган. Чыныбаев 27-майга чейин үй камагына болот.
Эске салсак, буга чейин УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек мэриясынын райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаевди кармаган.

Ал Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда.

Количество просмотров: 139