• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү үй камагына чыкты

6 Баш оона 2021 14:15 Бишкек Govori.TV

«Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү үй камагына чыгарылды. МаалыматтыСвердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 5-августта алардын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Эске салсак, 27-июлда Бишкектеги «Элиза үй буюмдарынын» эки өкүлү каржы пирамидасын уюштурууга шектелип кармалган. Милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, акчасын алдатып жибергенин айтып арыз жазган. Анда Элмира аттуу аял анын кирешесин көбөйтүүнү убада кылганы үчүн анын абоненттик номуруна акча которгонун билдирген. Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү жарандардын өздүгүн тактап, 24 жаштагы Б.Э. жана 27 жаштагы М.О. аттуу жарандарды кармаган. Милиция бул фактыны «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жаткан.

Количество просмотров: 382