Бакай Кашкарбаевдин бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыкты.
Маалыматка ылайык, 31-октябрь күнү Свердлов райондук соту 29-декабрга чейин Кашкарбаевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Кашкарбаев Кылмыш-жаза кодексинин Жазык 344-беренесиндеги «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», 355-беренесиндеги «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу» пункттары, Жоруктар тууралуу кодекстин 119-беренеси — «Майда бейбаштыкка» шек саналууда. Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, Кашкарбаев милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда.
Кашкарбаев «Элдик көзөмөл» деп аталган кыймылдын башчысы, 2020-жылдагы саясий окуяларда азыркы президент Садыр Жапаровдун жигердүү тарапташы катары таанылган.