• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Калмуратов үй камагына чыкты

19 Чын куран 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Калмуратов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратовго карата кылмыш иши каралды.

«Бүгүнкү сот жыйынына айыпталуучулар жана алардын жактоочулары келишти. Сот тарабынан жабырлануучу жана кошумча күбөлөр суралды. Айыпталуучу Калмуратовдун жактоочусу өзүнүн кардарынын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүү өтүнүчүн билдирди. Сот жактоочунун өтүнүчүн орундатып, Калмуратовдун мурдагы камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы үй камагына чыгарууга өзгөртүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылы 19-октябрда УКМК ЭККМК тарабынан аткезчилик фактысы боюнча иликтөөгө байланыштуу ишти оң жагына чечүүгө ишкерден пара алуу ишинин жогоруда көрсөтүлгөн катышуучулары кармалып, КРнын Жазык кодексинин “Пара алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 89