• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атамбаевдин жээнинин үйүн тинтүүгө алышты

4 Жалган куран 202017:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жээни Акылбек Асаналиевдин үйүн тинтүүгө алды. Бул тууралуу Асанлиев өзү Vesti.kg сайтына билдирген.

Анын айтымында, бүгүн, 4-мартта болжол менен саат 8:30дар чамасында Арашан айылындагы үйүнө 5 милиция кызматкерлери келип, тинтүү жүргүзгөн.

«Милиция кызматкерлери үйдүн баарын тинтип чыгышты. Бирок алар бизге эмне издеп жаткандарын түшүндүрүшкөн жок»,-деп билдирген Асаналиев.

Ал эми тергөөчүлөрдүн айтканына караганда, тинтүү иштери 2019-жылдын декабрь айында Беш-Күңгөй айылындагы май куйуучу бекеттин жанында болгон кол салуу боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу болгон.

Атамбаевдин туугандары тинтүү иштери 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясына байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

Кошумчалай кетсек, Акылбек Асаналиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир тууганынын баласы.

Количество просмотров: 2719