• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Атамбаевге сотто утулгандар акчаны күр төлөш керек

19 Бештин айы 201712:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту «Zanoza.kg» сайтын негиздеген «ПроМедиа» фондунан жана анын түзүүчүлөрү Нарын Айып менен Дина Маслованын, ошондой эле “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын арызын карады. Аты аталган журналисттер жана укук коргоочу соттун чечими менен чегерилген сумманы дароо төлөөгө мүмкүнчүгү жок экенин билдирип, аны бөлүп төлөөгө уруксат берүүнү өтүнүп сотко кайрылышкан. Сот аткаруучулар буга каршы пикирин билдиришти.

Бул боюнча айыпталып жаткандар шаардык сотко кайрылышарын билдиришти.

Быйыл жазында Башкы прокуротура «Zanoza.kg» сайтына чыккан «айрым материалдар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди» деп сотко жалпысынан 30 миллион сомдук доо арыз өндүрүү боюнча беш арыз берген.

Анын негизинде райондук жана шаардык сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Жогорку Сот 30-ноябрда «Zanoza.kg» сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган эле.

Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү соттун мындай чечими өлкөдөгү эркин басма сөздү туңгуюкка кептеп, сөз эркиндигине шек келтирерин билдирип өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

Количество просмотров: 20