• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткезчилик менен акча алып киргендер колго түштү (сүрөт)

17 Тогуздун айы 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Тажикстандан контрабандалык жол менен 2 млн 750 миң АКШ долларын алып киргендер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында экономикалык контрабанданы аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), КР жараны 1981-жылы туулган Т.А.М. башкаруусундагы мамлекеттик номуру О9240AG «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

«Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз Республикасынын жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды»,-деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмүндө (Экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Количество просмотров: 505