• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аткезчилик менен ташылып келе жаткан $2,7 млн мамлекет казынасына чегерилди

14 Жетинин айы 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан $2,7 млн мамлекеттин казынасына чегерилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, 2022-жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргызстанлын жараны Т.А.М. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү болгон, Баткен райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренеси “Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз өндүрүү” боюнча соттолгон) башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон 2 млн 750 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 16-октябрында кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2022-жылдын 10-ноябрында Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 миң сомдон айып салынган жана 2 миллион 750 миң АКШ доллары (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилген.

Количество просмотров: 191