• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аткезчилик жол менен ташылып бараткан бир млн сомдук энергетикалык ичимдиктер кармалды

19 Бугу 2022 10:07 Бишкек Govori.TV

Аткезчилик жүк менен ташылып бара жаткан энергетикалык ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-майында УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында (Сох анклавына жакын жерде) “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н., жана С.М., токтотушкан. Алар жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6 060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 77