• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аты келип, өзү жок. Кеминде жайлоого кеткен жаран изделүүдө

2 Бештин айы 202416:02 Бишкек Govori.TV

Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 29-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 102ге кечээ түшкөн. Ал эми ӨКМге ИИМ кызматкерлери тарабынан билдирүү бүгүн түштү.

Алдын ала маалыматтар боюнча аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Издөө аракеттери учурда улантылууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

Количество просмотров: 383