• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атынып алган милиция кызматкери тууралуу ИИМ маалымат таратты 

27 Бугу 2020 19:21 Бишкек Govori.TV

Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгон. Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз.

«Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районунда милиция кызматкери табелдик курал менен өзүн башка атканын  жергиликтүү басылмалар ишеничтүү булактарына таянуу менен жазып чыккан эле.

Количество просмотров: 1515