• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Авиатрафик компаниясынын самолету экинчи жолу Турцияга уча албай, кайра кайтты

5 Баш оона 2018 22:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.08.2018.Govori.TV.

Бүгүн 5-августта Бишкектен Анталияга багыт алган «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясына таандык А320 үлгүсүндөгү учак абага көтөрүлгөндөн бир нече мүнөттөн кийин эле кайра «Манас» аэропортуна конууга аргасыз болгон. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Учак 07:40 абага көтөрулгөн, кыймылдаткычтардын бириндеги мүчүлүштүктөн улам аэропортко кайра кайткан. Командир учакты «Манас» аэропортуна кондуруу чечимин кабыл алып, саат 8.13тө келип конгон.

Бортто 111 жүргүнчү, алты экипаж болгон.

Азыркы учурда Жарандык авиация агенттиги окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Эскерте кетсек, 29 июлда ушул эле «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Ош — Анталия багыты боюнча учкан самолет авариялык абалдан улам Бишкекке конууга аргасыз болду. Аба бортунда жалпысынан 89 жүргүнчү болгон.

Количество просмотров: 21