• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Автобустун айдоочусу менен патрулдук милициянын чыры. Окуянын чоо-жайы айтылды

20 Кулжа 2023 17:40 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы №41 автобустун айдоочусу менен патрулдук милициянын чыры тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде автобустун айдоочусу 1982-жылы туулган К.Д., жөө өтмөктөрдү жаңылоо иштери жүрүп жаткан учурда жол конустары орнотулуп жаңы краскаланган жерди тебелеп өткөн. Милициянын кайгуул башкармалыгынын кызматкерлери аны токтотконуна карабастан жоопкерчиликтен качып кетип калган.

«Автобус унаасы Чүй прстпектиси менен Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочуга карата автоээнбаштык жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн, жалпы суммасы 20500 сомго айып протоколдору толтурулду. Автобус унаасы айып короого токтотулуп, айдоочунун кылган иш аракетин мыйзамдуу териштирүү максатында тергөө кызматына жеткирилди»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда милициянын кайгуул кызматкерлери менен айдоочунун чыры тууралуу видео тараган.

Количество просмотров: 249