• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аялды бычак менен коркутуп, тоноп кеткен жаран кармалды

24 Аяк оона 2022 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга жаран арыз менен кайрылган. Ал базарда бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун тартып алган адамга карата чара көрүүнү суранган.

 Жабырлануучу ал адам анын 5 миң сомун уурдап качып кеткенин көрсөткөн. Учурда кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 128