• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Аялдын сөөгүн ашканасында 9 күн кармаган». Шектүү жаран кармалды

4 Чын куран 2024 17:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда айылдаш аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды жайынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылгандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча 37 жаштагы Т.К. аттуу келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү далилденген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 52 жаштагы. А.Б. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, аялды башка балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөнүн айткан. Ал ошондой эле сөөктү ашканасында тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды жайындагы бактын жанына таштап салганын билдирген.

Жети-Өгүз райондук сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 750