Бишкек шаарында 26 жаштагы эркек киши үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин окуянын видео тасмасы социалдык тармакка тараган.
Маалыматка ылайык, окуядан жабыркаган жубайы арыз жазуудан баш тартканына карабастан, милиция кызматкерлери тарабынан «майда бейбаштык» беренеси боюнча административдик протокол түзүлгөн.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү териштирүү иштери уланууда.