• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Аялын өлтүрүүгө айыпталган жаран 9 жылга соттолду

19 Бугу 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

18-майда Чымкент шаарынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту аялын өлтүрүүгө айыпталган жергиликтүү тургун Серик Жаналиевди тогуз жылга эркинен ажыратты.

Соттун маалыматына ылайык, 2022-жылы июнда жубайлардын ортосунда чыр чыгып, Жаналиев аялын эки жолу башка уруп, өлтүрүп алган. Бул соотук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ырасталган.

Бул иш боюнча сот жараяны былтыр декабрда башталган. Сотто прокурор Жаналиевди 11 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук олуттуу көйгөй бойдон калууда. Өлкөдө жыл сайын турмуш-тиричилик зомбулугуна байланыштуу полицияга 100 миңден ашык билдирүү келип түшөт.

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлагандай, өткөн жылдын 10 айында ден соолукка орто жана оор жаракат келтирүү беренелери боюнча 794 кылмыш иши козголуп, жалпысынан 93 аял өлгөн. 2023-жылдын башынан бери полиция үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 18 адам өлтүрүү фактысын каттады.

Теги:
Количество просмотров: 97