• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк илип кордогон адам кармалды (видео)

12 Кулжа 2020 15:51 Бишкек Govori.TV

Аялына мыкаачылык мамиле жасап, жанындагы аял кишиге видеого тарттырган киши убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Камактагы киши эки колу жип менен байланып, ичине таш салынган 2 дөңгөлөк мойнуна илинген аялды бетке чапкылап, андан кийин эски темир чакадагы сууну чачкан. Бул окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында болгонун ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Окуяны видеого тартып жаткан аял «аке, чачпа, чаппа» деп суранып жатканы угулат. Бирок ага кулак салбаган киши мыкаачылыгын уланта берген.

Тасма милиция кызматкерлеринин колуна тиери менен териштирүү иштерин башташкан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кечээ, 11-июнда соттун чечими менен аялды кордогон киши Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Окуя 8-июнда саат 11:00 чамасында жубайлар жашаган үйдө болгон. Жабырлануучу аял арыз менен милиция кызматкерлерине 11-июнда кайрылган. Видеодогу эркек киши (күйөөсү) 51 жашта, аялы 47 жашта.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

https://www.facebook.com/100023878344011/videos/pcb.734277490711522/734275987378339/?type=3&theater

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 3370