• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Аялынын кулак-мурдун кескен жаран зордуктоо иши боюнча 8 жылга кесилди

27 Аяк оона 2023 21:17 Бишкек Govori.TV

Ажырашкан аялынын кулак-мурдун кесип салган 39 жаштагы жаран зордуктоо иши боюнча 8 жылга кесилди.

Бүгүн, 27-сентябрда Чүй облустук соту райондук соттун буга чейинки чечимин өзгөртүп, аталган жаранды 8 жылга кести.

2021-жылдын сентябрь айында жабырлануучу келин зордукталганы боюнча арыз жазган. Сокулук райондук соту жабырлануучунун тосмо арызы жана тараптардын элдешүүсүнөн улам ишти токтоткон.

Кийин окуя кайра кайталанып, сот 39 жаштагы жаранды күнөөлүү деп таап, үч жылга пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарган. Анда шектүүнүн майып энеси жана жабырлануучу аял экөөнүн ортосунда эки баласы бар экени эске алынган.

Эске салсак, 20-сентябрда жогоруда аты аталган эркек киши мурунку аялынын кулак, мурдун кесип салган. Ага кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Теги:
Количество просмотров: 393