• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Айбек Калиев камака алынды

18 Чын куран 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV. 

Коррупция фактысы боюнча «Улуттук энергохолдинг» ААКнын төрагасы Айбек Калиев камака алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы маалымдады.

«Бишкек шаардык Жылуулук борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын төрагасы Айбек Калиев УКМКнын тергөө абагына камака алынды,— деп жазылат маалыматта.

Айбек Калиев шектүү катары кармалды.

Айбек Калиев камалышы мүмкүн экендигин Govori.TV агенттиги 8 күн мурда 10-апрелде жазып чыккан.  

Айбек Калиев «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын төрагасынын кызматынан 10-апрелде бошотулган. Андан бери ал ооруканада жатканы айтылган.

 

 

Количество просмотров: 14