• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Айтмамат Назаров, ЖК депутаты: “Кыргызалтындын” жетекчиси Тогуз-Тородогу окуяга жооп бериши керек!”

12 Чын куран 2018 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.04.2018. Govori.TV

“Тогуз-Тородогу кенди кайра иштетүүчү заводдун өрттөлүшү боюнча “Кыргызалтын” жетекчиси жооп бериши керек!” Бул сөздү ЖКдагы жыйында депутат Айтмамат Назаров билдирди..

Анын айтымында, “Заводду  салып жаткан кытайлар Макмал алтын кенин кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” ишканасынын аймагына куруп жаткандыктан, “Кыргызалтын” ишканасынын башчысынын окуя боюнча “эч нерсе билбейм“ дегени түшүнүксүз.

“Кечээ, бир катар органдардын билдирүүлөрү чыкты, “биз заводду курууга уруксат берген эмеспиз” деп. Анда эмне үчүн “Кыргызалтындын” аймагына курулуп жатса эч ким жоопкерчиликти албайт. Эмне үчүн убагында коомдук талкуу болгон эмес, райондун элини менен сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргөн эмес? Эки айдан бери бир министр, жетекчи барган жок, эл күтүп жатты. Жок дегенде облус башчысы барган жок. Акимдин укугун билебиз, ал эч нерсе чече алмак эмес. Бул боюнча атайын комиссия түзүп болсо да жоопкерчиликти карашыбыз керек”,-деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, кечээ Тогуз-Торо районунун эли Макмал алтын кенин кайра иштетүүчү  жаңы курулуп жаткан заводдун имаратын өрттөп кеткен эле. Эл завод химиялык жол менен иштеп, экологияга зыян алып келет деп кооптонууда.

 

Количество просмотров: 45