«Аю» компаниясынын директору Тыныбек Исаев кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Исаев менен кошо дагы бир киши кармалып, экөө тең камакка алынган. Үчүнчү жаран үй камагына бошотулган.
Буга чейин «Аю» холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго карата аны сыртынан камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган.