Бүгүн, 17-февралдагы «Азаттык Медиасынын», сайтын бөгөттөгөн чечимин жокко чыгаруу боюнча соттук отурум өттү.
Анда тараптар өз жүйөлөрүн айтышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министлигинин өкүлдөрү сайтка чыккан материалда бейтараптуулук талабы сакталбай калган дешүүдө.
Ал эми «Азаттык Медиасынын» өкүлдөрү, айтылгандарды четке кагып, журналистиканын стандарттары сакталгандыгын айтышууда.
Эми, «Настояшее время» юридикалык жак катары Кыргызстанда катталганы же катталбагандыгы тууралуу Адилет министрлигине кат жөнөтүлөт.
Кийинки соттук отурум 2023-жылдын 2-мартында уланат.