• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Азаттык Медиасынын»сайтын бөгөттөгөн чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын кароону 2-мартта улантмай болду

17 Бирдин айы 2023 11:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту «Азаттык Медиасынын», Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын кароону 2-мартта улантмай болду.

Бүгүнкү, 17-февралдагы сот отурумунда тараптар өз жүйөлөрүн айтышты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министлигинин өкүлдөрү сайтка чыккан материалда бейтараптуулук талабы сакталбай калган дешүүдө.

Ал эми Азаттык Медиасынын өкүлдөрү, айтылгандарды четке кагып, журналистиканын стандарттары сакталгандыгын айтышууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видеоматериал чыккан «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы болгон «Настояшее время» юридикалык жак катары Кыргызстанда катталганы же катталбагандыгы тууралуу Адилет министрлигине кат жөнөтүлөөрү белгилүү болду.

Количество просмотров: 51