• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Азаттыктын» Финчалгын кызматына арызы Административдик сотто кайрадан каралат

13 Чын куран 2023 14:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа» мекемесинин адвокаты Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн канааттандырып, Финансылык чалгын кызматына каршы буга чейинки арызды кайрадан кароо үчүн Бишкектин Административдик сотуна жөнөттү.

Мындай чечимди Болот Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы 13-апрелде кабыл алды. Шаардык сот Административдик соттун «Азаттык Медиа» мекемесинин арызы боюнча ишти кыскартканын негизсиз деп тапты.

Буга чейин «Азаттыктын» адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь айында радиону «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын» тизмесине киргизилишин жана “Демирбанктагы” банк эсеби бөгөттөлөшүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Административдик сотко кайрылган. Аталган сот ишти кыскартып салган.

Количество просмотров: 52