• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

“Азаттыктын” кабарчылары түшүнүк кат жазып, милиция бөлүмүнөн чыкты

23 Бештин айы 202416:05 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаев түшүнүк кат жазган соң милиция бөлүмүнөн чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Бүгүн, 23-декабрда журналисттер Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан маалда милиция кызматкерлери келип, алып кетишкен.

Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери чогулган адамдардын биринен алынган интервьюнун видеосун берүүнү талап кылышкан. Бөлүмгө жеткирилген соң алар ушул эле талабын кайталаган. Адвокаттын кийлигишүүсүнөн кийин журналисттер окуя жөнүндө түшүнүк кат жазып берип, кое берилди.

Количество просмотров: 207