«Азаттык» үналгысынын радиоберүүлөрү буга чеийн обого чыккан жыштыктан чыкпайт. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева билдирди.
«Азаттык үналгысынын радиоберүүлөрү обого чыккан 98.1 жыштыктын ээси жакында алмашкан. Жаңы кожоюндары бул каналды музыка, көңүл ачуучу каналга айландырабыз деп биздин берүүлөрдү таратууну кечээтен бери токтотту. Буга америкалык саясатчы, же башка ишмерлердин айткандарынын тиешеси жок. Көптөн бери ушундай болот деп бизге эскертип келишкен.
Бир сааттык радиоберүүнү даярдап, интернеттеги платформалар аркылуу тарата беребиз. Каалагандар алып угуп, өз каналдарына жүктөп алса болот. Youtube, Facebook ж.б. соцмедиа аркылуу таап уга аласыздар», — деп жазды ал.