Бүгүн, 13-октябрда «Азаттык», «Клооп», «Кактус Медиа» жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылгандар митинг өткөрүштү. Ал жерге келгендер редакциялардын окуяларды чагылдырышына нааразы экендигин билдиришти.
Govori.TV акцияда өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган активист ким, эмнеси менен белгилүү текшерип көрдү.
Илимбек Исраиловдун Фейсбук баракчасындагы билдирүүлөрүнүн басымдуу бөлүгү саясатка арналган.
Исраилов 10-октябрда Бишкекте Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн митингге дагы катышкан.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Исраиловду 2022-жылдын февраль айында Kaktus.media сайтынын редакциясынын алдында өткөн нааразычылык акциясынан көрүүгө болот.
Ошондой эле ал бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун колдоо акцияларына катышып жүргөнү белгилүү.
Илимбек Исраилов Бишкекте өткөн бир нече митингдерге катышкан.
Өзүн блогер жана активист катары тааныштырган ал жарандык коом уюштурган бир нече тынчтык акцияларында провокациялык иш-аракеттерди жасаган. Алсак, 2019-жылдын 2-декабрында Гапар Айтиев атындагы улуттук музейде өткөн фемминале акциясына камчы менен келип, провокация кылган.
Исраилов Шайлообек Атазов Төлөйкөн шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондо көбүнчө анын үгүт иш-чараларына катышып, сүрөттөрүн жарыялап турган.