• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Азиаданын чемпиону Дарья Масловага убадаланган 1 млн. сом тапшырылды

14 Жетинин айы 201817:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.11.2018.Govori.TV.
Жеңил атлет Дарья Маслова жайкы Азия оюндарындагы жеңишинен кийин убадаланган 1 миллион сомду алды. Сертификатты жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы тапшырды.
Буга чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Масловага 1 миллион сом ыйгарыларын билдирген.
Спортчу 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (37:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи медалды үч күндөн соң 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи (15 мүнөт 30,57 секунд) келгендиги үчүн алган.

Булак: Спутник

Количество просмотров: 33