• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Азим Иброхим: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын күнөөкөрлөрү жазаланыш керек

18 Жалган куран 2019 18:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту.

Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим бул сыяктуу чек ара маселесин коомчулукка жеткирүү абдан кылдат мамилени талап кылаарын белгиледи.

«Бугун протоколго кол койдук. Жана эң негизгиси маселе катары бул жаңжалдын күнөөкөрлөрүн табуу маселесин укук коргоо органдарына тапшырдык. Себеби адамдар көз жумду, жабыркагандар бар. Ал эми жолдор ар дайым эки тараптын тең бирдей көзөмөлүндө болмокчу. Эч кандай өтмөктөр болбойт. Ворухтагы курулуп жаткан жол мурдагы режимде толук калыбына келтирилет»,-деди Азим Иброхим.

Эске салсак, 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстандын Чек ара кызматы жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлады. Ал эми кыргыз тараптан эки адамга ок тийген.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

Чырдын чыгышына Аксай-Тамдык жолунун курулуш себеп болгону айтылган. Эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү 14-марттан бери Ак-Сай айылынын Дача участкасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бүгүн чечим кабыл алынды. 

Количество просмотров: 44