• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Азимжан Аскаров сотторго жана прокурорлорго ачык кайрылуу жиберди

20 Бирдин айы 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу таратты.

Ал кармалгандан баштап тергөөнүн, сот жараяндарынын жүрүшүн кенен баяндады. Эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи.

Аскаров оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп эсептейт. Ал 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн жетекчилигин «сот иштерине кийлигишкен» деп айыптап, «кылмыш ишинин нугу мени айыптоого гана багытталган» деген оюн билдирди.

Ошондой эле ал «сот милиционердин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрүн аныкташ үчүн эмес, мени улут аралык кастыкты козутуу үчүн айыптоого багытталган» деп, сотто окуя болгон жердеги далил документтерге көңүл бурулбаганын белгиледи.

Аскаров кармалганда кыйноого кабылганына, ал боюнча эч кимге чара көрүлбөгөнүнө токтолду.

Укук коргоочу кайрылуусун «Кыргызстандын эли менин кудай, эл, мыйзам алдында таза экенимди билсе дейм» деп аяктаган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Аскаровдун иши 25-февралда Жогорку сотто кайра каралганы жатат.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Количество просмотров: 86