• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Азис Курамаев үй камагына чыкты

27 Үчтүн айы 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда Талас шаардык сотунда Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Азис Курамаевдин соту каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Белгилей кетсек, 10-январда УКМКнын басма сөз борбору Талас шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңешининин кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалган сүрөт, видеолорун жарыялаган.

Маалыматта, козголгон кылмыш иштин алкагында Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталганы айтылган. Ал эми вице-спикердин жакындары Азис Курамаевдин бул ишке тиешеси жоктугун айтышууда.

Эскерте кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирген.

«Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында Талас шаарынын биринчи вице-мэри, Талас шаардык кеңешинин төрагасы, вице-спикер жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси алдын ала сүйлөшүп алып, ижара акысын төмөндөтүп, ишкерлерден сый акы алган. Жергиликтүү бюджетке ири өлчөмдө зыян алып келген, түшкөн каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алышкан. 2020-2022-жылдагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашкан», — деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандардын баш коргоо чарасы каралууда.

Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы болуп Адылбек Жусупбеков, анын орун басары кызматында Азиз Курамаев иштеп жаткан.

Количество просмотров: 460