• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Азия чемпионаты: Жуманазарова эмне үчүн алтын ала албай калганын айтып берди

28 Чын куран 202215:21 Бишкек Govori.TV

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова Азия мелдешиндеги күрөшү тууралуу пикирин билдирип, Азия чемпионатына жакшы ой-тилектер жана мыкты даярдык менен барганын айтат.

“Оюмда алтын алам деп, тилекке каршы, медалды эрте тагынып алдым окшойт. Бирок ага чейин монголиялык кыз менен күрөшүп жатып бутумду кокустатып алгам. Жакшы күрөш көрсөтө алгам жокмун. Өзүмдү дагы сактап туруп алдым”, — дейт спортчу.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта күмүш байгенин ээси болгон.

Количество просмотров: 3066