• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Азия кубогу – 2024: Кыргыз футболчуларынын атаандаштары белгилүү болду

12 Бугу 202311:54 Бишкек Govori.TV

Доха шаарында AFC Asian Cup Qatar-2024 үчүн расмий чүчүкулак тартуу аземи өтүп, Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, FIFAнын 6-апрелдеги рейтинги боюнча 24 курама команда тандалып алынган.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча КР улуттук курама командасы «F» тайпасына түштү. Анда Сауд Арабия, Таиланд, Кыргызстан жана Оман командалары ойнойт.

Эске салсак, турнир Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.

Количество просмотров: 176