• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Азия Моллдогу” окуя: Ишкер Шаменов сурактан чыкты

11 Баш оона 2022 23:22 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунан машинесинен жардыруучу зат табылды деп айтып чыккан ишкер Илгиз Шаменов Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн маалымдаган. Соода борборго ыкчам-тергөө топ келип, жарандар сыртка чыгарылган.

Кийин кошумчалангандай, “Азия Молл” соода борборундагы унаа жуучу жайда Тойота Камри унаасынын астынан РГД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган.

Аталган факт Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Аталган буюмдун тиешелүүлүгүн аныктоо үчүн зарыл экспертизалар дайындалган. Учурда ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 478