• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Азия өнүктүрүү банкынын каражаты каяка жумшалган? Министрдин жообу…

2 Теке 202012:18 Бишкек Govori.TV

«Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардамы бюджетти колдоого берилген, 10-июнда КР ФМ Борбордук казыналыгынын эсептерине түшүп, 3 743,8 млн сом суммасында бюджеттин ресурстук бөлүгүндө чагылдырылган», — деп билдирди КР финансы министри Бактыгуль Жеенбаева.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 3 743,8 млн сомго социалдык маанилүү чыгымдар каржыланган, анын ичинде:

Эмгек акы төлөөгө багытталган сумма — 2 859 млн сом;

Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр үчүн – 362,2 млн сом;

Социалдык жактан камсыз кылуу жана калкка социалдык жардам көрсөтүүгө – 67,6 млн сом;

ММКФга которууга – 455 млн сом.

Количество просмотров: 105