• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бүгүн 6 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

28 Кулжа 2023 9:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июнда Курман айт майрамына карата Кыргызстандын аймагында 6 миңге чукул милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ошондой эле миңден ашык жол эрежелерин көзөмөлдөө кызматкери атайын посттордо көзөмөл жүргүзөт.

Количество просмотров: 69